# 32-берене. Эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 32-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-32

---

1. Технологиядагы, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруудагы өзгөрүүлөргө, жумуштун (продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн кыскаруусуна байланышкан себептер боюнча кызматкер ишин улантып жатканда эмгек функциясын (кесибин, адистигин, квалификациясын, кызмат ордун) өзгөртпөстөн эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүүгө жол берилет.

Эмгектин олуттуу шарттарынын (эмгек акы төлөө тутуму жана өлчөмү, иштөө режими, кесиптердин, жеңилдиктердин жана артыкчылыктардын ж.б. айкалышы) өзгөрүүсү жөнүндө кызматкерге жазуу жүзүндө 1 айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Эмгектин олуттуу шарттары өзгөргөндө эмгек келишимине тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

2. Кызматкер ишти жаңы шарттарда улантууга макул болбогон учурда иш берүүчү ага уюмдагы анын квалификациясына жана ден соолугунун абалына ылайык келген башка ишти жазуу жүзүндө сунуштоого милдеттүү.

3. Көрсөтүлгөн иш жок болгондо, кызматкер сунушталган иштен баш тартканда, ошондой эле жаңы шарттарда иштөөдөн баш тарткан учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык токтотулат.

4. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар кызматкерлерди массалык иштен бошотууга алып келиши мүмкүн болсо, иш берүүчү жумуш орундарын сактоо максатында уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эскертүү мөөнөтүн сактабастан 6 айга чейинки мөөнөткө толук эмес жумуш убактысынын режимин киргизүүгө укуктуу. Мында жумуш убактысынын узактыгы жумуш убактысынын бир айлык ченеминин жарымынан аз, ал эми эмгек акы төлөө тарифтик ставканын (маянанын) 1/2инен аз болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-33)
