# 30-берене. Башка ишке которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 30-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-30

---

1. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которууга, башкача айтканда эмгек функциясын өзгөртүүгө же эмгек келишиминин олуттуу шарттарын өзгөртүүгө, ага тете эле башка уюмга же уюм менен кошо башка жерге туруктуу ишке которууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.

2. Кызматкерди ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлгөн ишке которууга тыюу салынат.

3. Тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган башка туруктуу же убактылуу ишке ротациялоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-31)
