# 28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 28-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-28

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөө Конституцияда, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте дайындоо же тандоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат орундарынан бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта жумуш орундарын квоталоо ушул Кодекстин 155-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-29)
