# 263-берене. Мыйзамсыз иш таштоолору үчүн кызматкерлердин жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 263-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-263

---

1. Иш таштоону мыйзамсыз деп таануу же болбосо иш таштоону кийинкиге калтыруу же токтотуп туруу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими иш таштоого башчылык кылган органга жеткирилгенден кийинки күнү иш таштоону өткөрүүгө киришкен же аны токтотпогон кызматкерлер эмгек тартибин бузгандыгы үчүн тартиптик жазага тартылышы мүмкүн.

2. Иш таштоо мыйзамсыз деп таанылгандан кийин иш таштоону жарыялаган жана аны токтотпогон кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы мыйзамсыз иш таштоо өткөрүлгөн бүткүл мезгилде иш берүүчүгө келтирилген чыгымдын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө өз каражаттарынын эсебинен толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-264)
