# 262-берене. Жараштыруу жол-жоболоруна катышуудан баш тартуу жана жараштыруу жол-жобосунун натыйжасында жетишилген макулдашууну аткарбагандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 262-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-262

---

1. Кызматкерлердин талаптарын алуудан жана жараштыруу жол-жоболоруна катышуудан баш тарткан, анын ичинде талаптарды коюу, иш таштоону жарыялоо боюнча чогулуштарды өткөрүү үчүн орун жайларды бербеген же аны өткөрүүгө тоскоолдук кылган иш берүүчүнүн өкүлдөрү ушул Кодекске ылайык тартип жоопкерчилигине же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

2. Жараштыруу жол-жобосунун натыйжасында жетишилген макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгына күнөөлүү иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин өкүлдөрү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-261)  
Кийинки берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-263)
