# 260-берене. Иш таштоону өткөрүүгө байланыштуу кызматкерлердин кепилдиктери жана укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 260-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-260

---

1. Ушул Кодекстин 259-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык иш таштоону токтотуу милдеттери аткарылбаган учурларды кошпогондо, кызматкердин иш таштоого катышуусу эмгек тартибин бузуу жана эмгек келишимин бузуу үчүн негиз катары каралыш мүмкүн эмес.

2. Ушул Кодекстин 259-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, иш таштоого катышкан кызматкерге карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга тыюу салынат.

3. Иш таштоо учурунда ага катышкан кызматкерлердин жумуш орду жана кызмат орду сакталат.

4. Иш берүүчү жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) милдеттүү минимумун аткарган кызматкерлерден тышкары, кызматкерлер иш таштоого катышкан убагы үчүн аларга эмгек акы төлөбөөгө укуктуу.

5. Жамааттык келишимде, макулдашууда же жамааттык эмгек талаш-тартышын чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларда иш таштоого катышкан кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр каралышы мүмкүн.

6. Иш таштоого катышпаган кызматкерлерге, бирок анын өткөрүлүшүнө байланыштуу өзүнүн ишин аткарууга мүмкүн болбогон жана ага байланыштуу жумуштун токтоп калышы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирген кызматкерлерге кызматкердин күнөөсү боюнча эмес жумуштун токтоп калышы үчүн төлөм ушул Кодексте каралган тартипте жана өлчөмдөрдө жүргүзүлөт. Иш берүүчү ушул Кодексте каралган тартипте аталган кызматкерлерди башка ишке которууга укуктуу.

7. Жамааттык келишим, макулдашуу же жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларда иш таштоого катышкан кызматкерлерге төлөмдөрдүн ушул Кодексте каралгандагыга караганда кыйла жеңилдетилген тартиби каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-259)  
Кийинки берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-261)
