# 255-берене. Иш таштоого карата укук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 255-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-255

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык кызматкерлердин иш таштоого укугу жамааттык эмгек талаш-тартышында кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына жетүү ыкмасы катары таанылат.

2. Эгерде жараштыруу жол-жобосу жамааттык эмгек талаш-тартышын чечүүгө алып келбесе, же болбосо иш берүүчү жараштыруу жол-жоболорунан качса, жамааттык эмгек талаш-тартышын чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууну аткарбаса, анда кызматкерлер же алардын өкүлдөрү иш таштоолорду уюштурууга киришүүгө укуктуу.

3. Иш таштоого катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Эч ким иш таштоого катышууга же катышуудан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4. Иш таштоого катышууга же катышуудан баш тартууга кызматкерлерди мажбурлаган адам, ушул Кодексте белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

5. Иш берүүчүнүн өкүлдөрү иш таштоону уюштурууга жана ага катышууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-256)
