# 253-берене. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө байланыштуу кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 253-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-253

---

1. Жараштыруу комиссиясынын мүчөлөрү жамааттык эмгек талаш-тартышын чечүүгө катышып жаткан убакта 1 жылдын ичинде 3 айдан ашпаган мөөнөткө орточо эмгек акысын сактоо менен негизги ишинен бошотулат.

2. Кызматкерлердин, алардын бирикмелеринин жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө катышкан өкүлдөрү жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүү мезгилинде аларга өкүл болууга ыйгарым укук берген органдын алдын ала макулдугусуз иш берүүчүнүн демилгеси боюнча тартиптик жаза чарага тартылышы, башка жумушка которулушу же жумуштан бошотулушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-254)
