# 252-берене. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 252-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-252

---

1. Жараштыруу комиссиясы тарабынан пикир келишпестиктердин протоколу түзүлгөндөн кийин жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары 3 жумуш күндүн ичинде ортомчуну чакырышы мүмкүн.

2. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышын кароонун тартиби ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат.

3. Ортомчу жамааттык эмгек талаш-тартышын тараптарынан ушул талаш-тартышка тиешелүү зарыл болгон документтерди жана күбөлүктөрдү алардан суратууга жана алууга укуктуу.

4. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышын кароо ал чакырылган (дайындаган) күндөн тартып 7 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт жана жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары тарабынан жазуу жүзүндөгү макулдашылган чечимди кабыл алуу же пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен аяктайт.

---

Мурунку берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-251)  
Кийинки берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-253)
