# 251-берене. Жараштыруу комиссиясы тарабынан жамааттык эмгек талаш-тартыштарынын каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 251-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-251

---

1. Жараштыруу комиссиясы жамааттык эмгек талаш-тартышы башталган күндөн тартып 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө түзүлөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим иш берүүчүнүн тиешелүү буйругу (тескемеси) жана кызматкерлердин өкүлүнүн чечими менен таризделет.

2. Жараштыруу комиссиясы тең укуктуу негизде жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

3. Жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары жараштыруу комиссиясын түзүүдөн жана анын ишине катышуудан баш тартууга укуксуз.

4. Иш берүүчү жараштыруу комиссиясынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.

5. Жамааттык эмгек талаш-тартыштары жараштыруу комиссиясы тарабынан аны түзүү жөнүндө буйрук (тескеме) чыгарылган күндөн тартып 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт тараптардын өз ара макулдугу менен узартылышы мүмкүн жана ал протокол менен таризделет.

6. Жараштыруу комиссиясынын чечими жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын макулдашуусу боюнча кабыл алынып, протокол менен таризделет, бул талаш-тартыштын тараптары үчүн милдеттүү күчкө ээ жана жараштыруу комиссиясынын чечими менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарылат.

7. Жараштыруу комиссиясында макулдашууга жетишилбеген учурда жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары ортомчунун катышуусу менен жарашуу жол-жоболорун улантат.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-252)
