# 250-берене. Жараштыруу жол-жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 250-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-250

---

1. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн тартиби төмөнкүдөй этаптардан турат: жараштыруу комиссиясы тарабынан жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо, жамааттык эмгек талаш-тартыштарын ортомчунун катышуусу менен кароо.

2. Эгерде иш берүүчү кызматкерлердин же алардын өкүлчүлүктүү органдарынын талабын канааттандырбаса, жараштыруу комиссиясы тарабынан жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо милдеттүү болуп саналат.

3. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарынын тараптарынын бири да жараштыруу жол-жобосуна катышуудан баш тартууга укугу жок.

4. Тараптардын өкүлдөрү жана жараштыруу комиссиясы жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-249)  
Кийинки берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-251)
