# 25-берене. Эмгек келишимин түзүүдө берилүүчү документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-25

---

1. Эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуп жаткан адам иш берүүчүгө инсандыгын күбөлөндүрүүчү документин; эмгек китепчесин, жеке идентификациялык номерин, ошондой эле тиешелүү ишке орношуу учурунда аскердик каттоо документтерин (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн) жана билими жөнүндө документин; 18 жаш курагына чейинки адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иш менен алектенүү үчүн соттолбогондугу жөнүндө маалымкатты көрсөтөт.

2. Ишке орношуп жаткан адамдарга иш берүүчү эмгек китепчесин милдеттүү түрдө тариздейт.

3. Айрым учурларда ишке орношууда ушул Кодекске, башка мыйзамдарга ылайык аткарылуучу жумуштун өзгөчөлүгүн эске алуу менен кошумча документтер берилиши мүмкүн.

4. Ишке орношууда кызматкерден ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандардан тышкары документтерди талап кылууга тыюу салынат.

5. Кызматкердин саясий партияларга, кыймылдарга же диний уюмдарга таандыктыгы жөнүндө, ошондой эле кызматкердин жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды жыйноого тыюу салынат.

6. Эмгек келишимин түзүүдө 18 жашка чыга элек адамдар, ошондой эле ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда башка адамдар милдеттүү түрдө алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-26)
