# 249-берене. Кызматкерлердин, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин талаптарын кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 249-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-249

---

1. Иш берүүчүлөр кызматкерлердин аларга жиберилген талаптарын кароого кабыл алууга милдеттүү.

2. Иш берүүчү кызматкерлердин талаптарын алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн, башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн) кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органына кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.

3. Иш берүүчүнүн (иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин) өкүлдөрү кесиптик бирликтердин (алардын бирикмелеринин) аларга жиберилген талаптарын кароого кабыл алууга жана кесиптик бирликтерге (алардын бирикмелерине) көрсөтүлгөн талаптарды алган күндөн тартып 1 айдын ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-248)  
Кийинки берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-250)
