# 248-берене. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 248-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-248

---

1. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү адамдардын иштен бошотуу, иштен бошотуу датасын жана себебинин баяндалышын өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпаган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган убакыт үчүн акы төлөө жана тартиптик жазаларды салуу маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-247)  
Кийинки берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-249)
