# 247-берене. Кызматкердин акчалай талаптарын канааттандыруу. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдардын чечими боюнча төлөнгөн суммаларды кайра өндүрүп алууну чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 247-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-247

---

1. Жекече эмгек талаш-тартышын кароочу орган кызматкердин акчалай талаптарын негиздүү деп тааныган учурда, ал толук өлчөмдө канааттандырылат.

2. Чечим көзөмөл тартибинде жокко чыгарылганда жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдын чечимине ылайык кызматкерге төлөнгөн суммаларды андан кайра өндүрүп алууга жокко чыгарылган чечим кызматкер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же ал тарабынан берилген жасалма документтерге негизделген учурларда гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-248)
