# 245-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын сотто кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 245-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-245

---

1. Соттордо жекече эмгек талаш-тартыштар төмөнкүлөрдүн арыздары боюнча каралат:

1) эгерде кызматкер же иш берүүчү Комиссиянын чечимине макул болбосо же тараптар бир пикирге келишпесе, кызматкердин же иш берүүчүнүн;

2) эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга кайрылбай сотко кайрылган кызматкердин;

3) эгерде Комиссия арызды белгиленген мөөнөттө карабаса, кызматкердин;

4) эгерде Комиссиянын чечими мыйзамдарга же башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбесе, прокурордун.

2. Түздөн-түз сотто жекече эмгек талаш-тартыштары төмөнкүлөрдүн арыздары боюнча каралат:

1) жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча комиссия түзүлбөгөн уюмдардын кызматкерлеринин;

2) эмгек келишимин токтотуунун негиздерине карабастан ишке калыбына келтирүү, башка ишке которуу, иштен бошотуунун датасын жана себептерин өзгөртүү, ишке аргасыз келбеген убакыт үчүн акы төлөө же болбосо аз акы төлөнгөн ишти аткарган убактагы эмгек акынын айырмасын төлөө жөнүндө кызматкердин;

3) кызматкер келтирген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иш берүүчүнүн;

4) иш берүүчү өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсык жөнүндө акты түзүүдөн баш тарткандыгы же анын мазмуну менен макул эместиги жөнүндө кызматкердин;

5) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө кызматкердин;

6) эгерде иштин мүнөзү жана эмгек шарттары өзгөрбөсө, мөөнөтсүз эмгек келишимин мөөнөттүү келишимге кайра түзүү жөнүндө иш берүүчүнүн талабына кызматкерлердин;

7) сыноо мөөнөтүнүн мезгилинде эмгек келишими токтотулганда ишке калыбына келтирүү жөнүндө кызматкердин.

3. Төмөнкүдөй жекече эмгек талаш-тартыштары да түздөн-түз сотто каралат:

1) ишке кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө;

2) кызматкердин эмгектик ар-намысын, аброюн жана иштиктүү беделин коргоо жана ушуга байланыштуу мүлктүк жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

3) иш берүүчүлөрдө - жеке жактарда эмгек келишими боюнча иштеген адамдын арызы боюнча;

4) басмырлангандыгы жөнүндө кызматкерлердин арызы боюнча.

---

Мурунку берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-244)  
Кийинки берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-246)
