# 243-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга кайрылуунун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.06.2026 [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=44238..55401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 243-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-243

---

1. Кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми иштен бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча иштен бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан же эмгек китепчеси берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде кайрылууга укуктуу.

11. Медиация аркылуу эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн өтүшү медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат.

2. Иш берүүчү кызматкер тарабынан уюмга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча келтирилген зыян аныкталган күндөн тартып 1 жылдын ичинде сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтү мындай эмгек акы төлөнүүгө тийиш болгон күндөн тартып 3 жылды түзөт.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматкер прокуратура органдарына, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурда да колдонулат.

5. Жүйөлүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттөр өтүп кетсе, алар тийиштүү түрдө эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия же сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-242)  
Кийинки берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-244)
