# 242-берене. Эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=44630..32924>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 242-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-242

---

1. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби ушул Кодекс, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, ал эми бул талаш-тартыштарды сотто чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

3. Эмгек талаш-тартыштарын кароонун ушул Кодексте белгиленген тартиби коомдук уюмдарда шайлануучу акы төлөмө кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге колдонулбайт.

4. Шайлануучу кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу аларды шайлаган органдардын чечими боюнча гана болушу мүмкүн.

5. Эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 242-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-243)
