# 241-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо жана жөнгө салуу боюнча субъекттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=44238..55401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 241-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-241

---

1. Жекече эмгек талаш-тартыштары эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана сот тарабынан каралат.

2. Кызматкер өзүнүн тандоосу боюнча эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуунун милдеттүү сотко чейинки тартибин сактоодо түздөн-түз сотко кайрыла алат.

3. Уюмда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия түзүлбөгөн учурда эмгек талаш-тартыштары түздөн-түз эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же сотто каралууга тийиш.

4. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-240)  
Кийинки берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-242)
