# 240-берене. Жекече эмгек талаш-тартыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 240-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-240

---

1. Иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы төмөнкүдөй маселелер боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер жекече эмгек талаш-тартыштары деп таанылат:

1) кызматкерге жаңы эмгек шарттарын белгилөө же учурдагыларды өзгөртүү;

2) эмгек жөнүндө мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдун локалдуу ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо мүнөзүндөгү талаш-тартыштар) колдонуу.

2. Жекече эмгек талаш-тартышы деп иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган (же мурда турган) адам менен иш берүүчүнүн ортосундагы талаш-тартыш таанылат.

3. Иш берүүчү жана кызматкер өз ара талаш-тартышты жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-239)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-241)
