# 239-берене. Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышын коомдук контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 239-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-239

---

1. Эмгек мыйзамдарынын, эмгек укуктарынын, жамааттык келишимдердин ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын коомдук контролдоо алардын кызыкчылыктарын коргогон кесиптик бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кесиптик бирликтер эмгек мыйзамдарынын сакталышын контролдойт. Бул функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктары тиешелүү мыйзамдарда жана кесиптик бирликтер жөнүндө жоболордо аныкталган кесиптик бирликтердин укуктук жана техникалык эмгек инспекциялары түзүлөт.

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-240)
