# 234-берене. Уюмдарды инспекциялоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 234-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-234

---

1. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик эмгек инспекторлору эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында уюштуруу-укуктук формасына карабастан кандай болбосун уюмдарды инспекциялайт.

2. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспектор инспекциялык текшерүүдө иш берүүчүгө же анын өкүлүнө, эгерде ал мындай кабарлоо контролдун натыйжалуулугуна зыян келтириши мүмкүн эмес деп эсептегенде гана өзүнүн катышкандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

3. Кызматкерлердин эмгегин жөнгө салууга карата эмгек келишимдери түзүлгөн Куралдуу Күчтөрдүн, чек ара кызматынын, коопсуздук, ички иштер органдарынын, башка укук коргоо органдарынын, түзөтүү мекемелеринин, коргоо өнөр жайынын уюмдары инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби менен инспекциялык текшерүүдөн өтүүгө тийиш, алар төмөнкүлөрдү карайт:

1) кирүүгө күн мурунтан тиешелүү уруксат алган эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик инспекторлор үчүн гана уруксат;

2) текшерүүнү белгиленген убакытта жүргүзүү;

3) маневрлардын же машыгуулардын учурунда, чыңалуу, согуш аракеттеринин мезгили деп жарыяланган мезгилдерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү чектөө.

4. Инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-233)  
Кийинки берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-235)
