# 23-берене. Эмгек келишиминин жана эмгек келишиминин айрым шарттарынын жараксыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-23

---

1. Эгерде эмгек келишими төмөнкүдөй түзүлсө, ал сот тарабынан жараксыз деп таанылат:

1) алдоонун, коркутуунун таасиринде, ошондой эле оор жагдайлардын келип чыгышынын кесепетинен кызматкер үчүн өтө пайдасыз шарттарда;

2) юридикалык кесепеттерди түзүүгө ниети жок, түр көрсөтүү үчүн (жалган эмгек келишими);

3) өз иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албаган адам тарабынан;

4) акыл-эс ооруларынын жана акыл-эсинин кемтигинин кесепетинен аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран тарабынан.

2. Келишимди жараксыз деп таануу кызматкердин ар жылдык өргүүгө чыгуу укугун, иштен бошогондо пайдаланылбаган өргүү күндөрү үчүн акчалай компенсацияны, иштеген мезгилди эмгек стажына кошууну жана башка жеңилдиктерди жоготууга алып келбейт.

3. Эмгек келишиминин айрым шарттары жараксыз деп таанылат, эгерде алар:

1) ушул Кодексте, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актыларда каралган шарттарга салыштырмалуу кызматкердин абалын начарлатса;

2) басмырлоочу болсо.

4. Эмгек келишиминин айрым шарттарынын жараксыздыгы бүтүндөй эмгек келишиминин жараксыздыгына алып келбейт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-24)
