# 228-берене. Өз убагында алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 228-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-228

---

1. Дайындалган, бирок жабырлануучу же зыяндын орду толтурулууга укугу бар адамдар өз убагында албаган зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө өткөн мезгил үчүн жүргүзүлөт, бирок кайрылуу күнүнөн мурдагы 3 жылдан ашык эмес өткөн убакыт үчүн жүргүзүлөт.

2. Жабырлануучуга же багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын орду толтурулууга укугу бар адамдарга эсептелүүчү жана каза болгондугуна байланыштуу толук алынбай калган зыяндын ордун толтуруу суммалары алардын мураскорлоруна жалпы негизде төлөнөт.

3. Зыян үчүн жоопкерчиликтүү иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган зыяндын ордун толтуруу суммалары өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөттөр менен чектелбестен төлөнүп берилет.

4. Зыяндын ордун толтуруу суммалары, анын ичинде бир жолку берилүүчү жөлөкпул төлөнбөй калганда, белгиленген мөөнөттө иш берүүчү ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн зыяндын ордун толтуруунун төлөнбөгөн суммасынын 0,15 пайызы өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү.

5. Зыяндын ордун толтуруу суммалары жана бир жолку берилүүчү жөлөкпулдар өз убагында төлөнбөгөнү үчүн иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-229)
