# 226-берене. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө. Төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү боюнча чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 226-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-226

---

1. Учурдагы ай үчүн зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө ошол ай өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

2. Бир жолку берилүүчү жөлөкпулдар аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берген күндөн бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт. Зыяндын ордун толтурууга ай сайынкы төлөмдөр иш берүүчү тарабынан эмгек акыны төлөө үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

3. Зыяндын ордун толтурууга төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү иш берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Алуучулардын каалоосу боюнча бул суммалар алардын банктагы эсептерине которулушу мүмкүн.

4. Алуучу зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-227)
