# 225-берене. Зыяндын ордун толтуруу төлөнүп берилүүчү мезгилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 225-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-225

---

1. Албай калган эмгек акынын бөлүгүндө зыяндын ордун толтуруу эмгектик мертинүүгө байланыштуу кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу белгиленген мөөнөттүн ичинде, ал эми кошумча чыгымдарда - аларга муктаждык аныкталган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын орду толтурулууга укугу бар адамдарга ордун толтуруу ушул Кодекстин 222-беренесине ылайык төлөнөт.

3. Жабырлануучуга, ошондой эле жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууну алууга укугу бар адамдарга зыяндын ордун толтуруу алардын алган кирешелерине карабастан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-226)
