# 224-берене. Зыяндын ордун толтуруу суммасы төлөнүп баштоочу мөөнөттөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 224-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-224

---

1. Зыяндын ордун толтуруу суммалары төмөнкүдөй төлөнөт:

1) жабырлануучуларга - алар эмгектик мертинүүнүн кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон күндөн тартып;

2) жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын орду толтурулушуна укугу бар адамдарга - жабырлануучу каза болгон күндөн тартып, бирок зыяндын ордун толтуруу укугун алган күндөн эрте эмес.

2. Зыяндын орду толтурулушуна укугу пайда болгон учурдан тартып 3 жыл өткөндөн кийин коюлган зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар ордун толтуруу үчүн кайрылгандан мурдагы 3 жылдан ашык эмес өткөн убакыт үчүн канааттандырылат.

3. Арыз берилген күн зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган күн болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-223)  
Кийинки берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-225)
