# 223-берене. Багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга төлөмдөрдү кайра эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 223-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-223

---

Багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын орду толтурулушуна укугу бар болгондордун ар бирине ушул Кодекстин 222-беренесинде белгиленген тартипте эсептелген каза болгон адамдын эмгек акысынын бөлүгү төмөнкү учурлардан тышкары, андан ары кайра эсептелүүгө тийиш эмес:

1) багуучу каза болгондон кийин бала төрөлгөндө;

2) каза болгон багуучунун балдарын, неберелерин, ага-инилерин жана эже-сиңдилерин багып жаткан адамдарга ордун толтуруу төлөмдөрү дайындалганда жана токтотулганда;

3) каза болгон адамдын багуусунда болгон жана ал каза болгондон кийин 5 жыл ичинде эмгекке жарамсыз болуп калган адамдарга зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү дайындалганда.

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-222)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-224)
