# 222-берене. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 222-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-222

---

1. Каза болгон адамдын багуусунда болгон жана анын каза болгондугуна байланыштуу зыяндын орду толтурулушуна укугу бар адамдарга зыян каза болгон адамдын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө ага туура келүүчү үлүштү эсептен чыгарып салуу менен аныкталат.

2. Ордун толтурууну алууга укугу бар адамдардын ар бирине зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо үчүн багуучунун эмгек акысынын бардык көрсөтүлгөн адамдарга туура келүүчү бөлүгү алардын санына бөлүнөт.

3. Каза болгон адамдын багуусунда болбогон, бирок зыяндын орду толтурулушуна укугу бар эмгекке жарамсыз адамдарга анын өлчөмү төмөнкүдөй тартипте аныкталат: эгерде багууга каражат соттун чечиминин негизинде өндүрүлсө, анда зыяндын ордун толтуруу сот дайындаган суммада аныкталат, эгерде багууга каражат соттук тартипте өндүрүлбөсө, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү эмгекке жарамсыз адамдардын материалдык абалын жана каза болгон адамдын тирүү кезинде аларга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленет.

4. Эгерде каза болгон адамдын багуусунда болгон, ошондой эле анын багуусунда болбогон адамдардын да бир эле мезгилде зыяндын орду толтурулушуна укугу бар болсо, анда адегенде каза болгон адамдын багуусунда болбогон адамдар үчүн зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Аларга белгиленген зыяндын ордун толтуруу суммасы багуучунун эмгек акысынан алып салынат, андан кийин эмгек акынын калган суммасына жараша, ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган тартипте каза болгон адамдын багуусунда болгон адамдарга зыяндын өлчөмү аныкталат.

5. Багуучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууну аныктоодо каза болгон адамдын эмгек акысынын курамында ал тирүү кезинде алган пенсиясы, өмүр бою алган камсыздоосу жана башка ушул сыяктуу төлөмдөр эске алынат.

6. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоодо багуучу каза болгондугуна байланыштуу адамдарга дайындалган пенсия, ага тете багуучу каза болгонго чейин да, андан кийин да дайындалган пенсиялардын башка түрлөрү, ошондой эле ошол адамдар алуучу эмгек акы, стипендиялар жана башка кирешелер аларга зыяндын ордун толтуруу эсебине киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-221)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-223)
