# 221-берене. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын орду толтурулушуна укугу бар адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 221-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-221

---

1. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын орду толтурулушуна төмөнкүлөр укук алышат:

1) каза болгон адамдын багуусунда болгон же ал каза болгон күнгө карата анын багуусунда болууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдар;

2) каза болгон адамдын ал каза болгондон кийин төрөлгөн баласы;

3) иштебеген жана каза болгон адамдын 14 жашка чейинки курактагы же көрсөтүлгөн куракка толуп, бирок медицина органдарынын корутундусу боюнча ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон балдарын, неберелерин, ага-инилерин, эже-карындаштарын/сиңдилерин багып жаткан, эмгекке жарамдуулугуна карабастан ата-энелердин, жубайлардын бири же үй-бүлөнүн башка мүчөсү;

4) каза болгон адамдын багуусунда болгон жана ал каза болгондон кийин 5 жылдын ичинде эмгекке жарамсыз болуп калган адам.

2. Эмгекке жарамсыз деп 18 жашка чыга элек, ошондой эле күндүзгү окуу жайларында окуган 18 жаш жана андан улуу курактагы, бирок 23 жаштан улуу эмес адамдар, ошондой эле белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар жана пенсия курагына жеткен адамдар эсептелет.

3. Каза болгон адамдын багуусундагы эмгекке жарамсыз адамдар аны менен туугандык мамиледе болгонуна же болбогонуна карабастан зыяндын орду толтурулушуна укугу бар. Багуудагы адамдардын бул укугу мыйзам боюнча аларды багууга милдеттүү адамдар болгондо да күчүн жоготпойт.

4. Каза болгон адам тирүү кезинде эмгек акы же пенсия жана башка төлөмдөрдү алган эмгекке жарамсыз адамдар, эгерде каза болгон адам тарабынан берилген каражат ошол адамдар үчүн жашоосунун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелсе, анын багуусундагы адамдар болуп саналат.

5. Жашы жете элек балдардын багууда болушу болжолдонот жана далилдөөнү талап кылбайт.

6. Иштебеген жана каза болгон адамдын балдарын, неберелерин, ага-инилерин жана эже-сиңдилерин/карындаштарын багып жаткан жана багуу мезгилинде эмгекке жарамсыз болуп калган ата-энесинин, жубайлардын бири же үй-бүлөнүн башка мүчөсү бул адамдарды багуусу аяктагандан кийин зыяндын ордун толтуруу укугун сактап калат.

7. Каза болгон адамдын багуусунда болбогон, бирок ал өлгөн мезгилге карата анын багуусунда болууга укугу бар адамдарга нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмгекке жарамсыз адамдар кирет.

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-222)
