# 220-берене. Иш берүүчүнүн моралдык зыяндын ордун толтуруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 220-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-220

---

1. Иш берүүчү эмгектик мертинүү алган (дене-бой жана адеп-ахлактык жактан азап чеккен) жабырлануучуга же эмгектик мертинүүгө байланыштуу каза болгон кызматкердин ата-энесине, жубайына, балдарына моралдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын башка түрлөрүнө карабастан моралдык зыяндын орду акчалай же башка материалдык түрдө толтурулат жана анын өлчөмү сот тарабынан же иш берүүчү, жабырлануучу жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-221)
