# 22-берене. Айрым жарандарга эмгек келишимин түзүүдөн негизсиз баш тартуусуна жол бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-22

---

1. Төмөнкү жарандар менен эмгек келишимин түзүүдөн негизсиз баш тартууга тыюу салынат:

1) жумуш орундарын квоталоонун эсебинен ишке орноштуруу мамлекеттик кызматы тарабынан жиберилгендер;

2) ишке жазуу жүзүндө чакырылгандар;

3) окуу жайын аяктагандан кийин иш берүүчүнүн өтүнмөсүнө же аны менен түзүлгөн келишимге ылайык ишке келгендер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жарандын талабы боюнча иш берүүчү ага баш тартуунун жүйөлөрү жөнүндө кайрылгандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Негизсиз баш тартууга сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-23)
