# 217-берене. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 217-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-217

---

1. Ушул Кодекстин 216-беренесинде көрсөтүлгөн мезгил үчүн орточо айлык эмгек акы жумушунун (кызматынын) он эки айы үчүн эмгек акынын жалпы суммасын 12ге бөлүү жолу менен эсептелет.

2. Эгерде жумушунун узактыгы он эки айдан аз болсо, орточо айлык эмгек акы иш жүзүндө иштеген айлары үчүн эмгек акынын жаппы суммасын ушул айлардын санына бөлүү жолу менен эсептелет.

3. Иштөө мезгили 1 календардык айдан аз болгон учурларда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү шарттуу алынган айлык эмгек акыга негизделип эсептелет, ал төмөнкүдөй түрдө аныкталат: бардык иштеген мезгил үчүн эмгек акы иштеген күндөрдүн санына бөлүнөт жана алынган сумма бир жыл үчүн орточо эсептелген бир айдагы жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүлөт.

4. Иш жүзүндөгү эмгек акы жөнүндө документтерди алууга мүмкүн болбогондо зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген минималдуу эмгек акыга негизделип эсептелет.

5. Орточо айлык эмгек акы беш эселенген минималдуу эмгек акыдан аз болгон учурларда, зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген минималдуу эмгек акыга негизделип эсептелет.

6. Эгерде жабырлануучунун эмгек акысында ал мертингенге же ден соолугуна башка зыян келтирилгенге чейин анын мүлктүк абалын жакшыртуучу туруктуу өзгөрүүлөр болсо (ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысы жогоруласа, ал кыйла көп акы төлөнүүчү ишке которулса жана жабырлануучунун эмгек акысынын өзгөрүүсүнүн туруктуулугу же өзгөрүү мүмкүндүгү далилденген башка учурларда), анын орточо айлык эмгек акысын аныктоодо ал алган же алууга тийиш болгон эмгек акы гана эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-218)
