# 216-берене. Орточо айлык эмгек акы аныкталуучу мезгилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 216-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-216

---

1. Орточо айлык эмгек акы эмгектик мертинүүдөн же эмгектик мертинүүгө байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготуудан же начарлатуудан мурунку жумушунун (кызматынын) акыркы 12 айы үчүн аныкталат (жарандын тандоосу боюнча). Кесиптик ооруга чалдыккан учурда орточо айлык эмгек акы да мындай ооруга чалдыктырган жумушун токтотуудан мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталышы мүмкүн.

2. Орточо айлык эмгек акы эсептелүүчү айлардын ичинен төмөнкүлөр чыгарып салынат (жарандын каалоосу боюнча):

1) жумуш айдын биринчи күнүнөн тартып башталбагандыгына же токтотулбагандыгына байланыштуу толук эмес жумуш айлары;

2) бала багууга байланыштуу берилген өргүү айлары (анын ичинде толук эмес), ошондой эле жаран майып болгон же эмгектик мертинүү менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну алган, I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы же МСЭКтин корутундусу боюнча бирөөнүн багуусуна муктаж адамды баккан жумуш убактысы;

3) жумуш убактылуу токтотулган учурда иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилүүчү эмгек акысы сакталбаган же жарым-жартылай сакталган өргүү айлары (анын ичинде толук эмес).

3. Чыгарып салынган айлар түздөн-түз мурунку айлар менен алмаштырылат, же болбосо аларды алмаштыруу мүмкүн болбогондо эсептен чыгарып салынат.

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-217)
