# 215-берене. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептелинүүчү эмгек акынын курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 215-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-215

---

1. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептелинүүчү алынбай калган эмгек акынын курамына эмгек акынын бардык түрлөрү, анын ичинде ченемден ашык иштегендиги, дем алыш жана майрам күндөрү иштегендиги, ошондой эле айкалыштырып иштегендиги үчүн акы төлөөнүн бардык түрлөрү кирет.

2. Бир жолку берилүүчү мүнөздөгү төлөмдөр, атап айтканда пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация жана иштен бошотуу жөлөкпулу эсепке алынбайт.

3. Убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү мезгилине төлөнгөн жөлөкпул эсепке алынат.

4. Автордук гонорар албай калган эмгек акынын курамына киргизилет.

5. Окуган мезгилинде төлөнүүчү стипендия эмгек акыга теңештирилет (зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган адамдын каалоосу боюнча).

6. Эмгек акынын бардык түрлөрү салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр кармалганга чейин эсептелген суммаларда эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-214)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-216)
