# 211-берене. Келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин далилдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 211-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-211

---

1. Келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигинин далили жана анын күнөөсүнүн далили төмөнкүлөр болот:

1) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыкты иликтөө жөнүндө комиссиянын акты;

2) Н-1 формасындагы өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсык ("кесиптик оору") жөнүндө акты;

3) өкүм, соттун чечими, прокурордун токтому;

4) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын же кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясынын корутундусу;

5) кесиптик оорусу жөнүндө медициналык корутунду;

6) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү;

7) башка документтер.

2. Талаш-тартыш келип чыккан же иш берүүчү кызматкерге зыяндын ордун толтурууну төлөөдөн баш тарткан учурда чечим сотко чейинки тартипте, ал эми макулдук болбогон учурда - сот тартибинде кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-212)
