# 210-берене. Кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 210-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-210

---

1. Иш берүүчү кызматкерлерге алардын кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан жана иш берүүчүнүн аймагында да, анын чегинен сырткары да, ошондой эле иш берүүчү тарабынан берилген транспортто кызматкердин иштеген жерине келе жатканда же иштен кетип бара жаткан мезгилде болгон мертинүүдөн, кесиптик оорудан же болбосо эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугунун башка бузулушунан (мындан ары - эмгектик мертинүү) кызматкерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде ал зыян ал жеткис күчтөн же кызматкердин кара санатайлык ниетинин кесепетинен улам келип чыккандыгын далилдей албаса, иш берүүчү эмгектик милдеттерин аткарууда кызматкердин ден соолугуна жогорку кооптуулуктун булагы тарабынан келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга милдеттүү.

3. Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча гана эмес, кызматкердин одоно этиятсыздыгынын кесепетинен улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчилик колдонулат. Мындай учурда ордун толтуруунун өлчөмү кызматкердин күнөөсүнүн даражасына жараша азайтылат. Кызматкердин күнөөсүнүн даражасы комиссия тарабынан пайыз менен аныкталат.

4. Кызматкердин этиятсыздыгы жана иш берүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын жоопкерчилиги күнөөнүн бар экендигине карабастан келип чыккан учурларда (ушул берененин экинчи бөлүгү), зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү комиссия тарабынан аныкталат. Мында зыяндын ордун толтуруудан толук баш тартууга жол берилбейт.

5. Бөтөн (жеке жана юридикалык) жактардын күнөөсү боюнча кызматкердин өз эмгек милдеттерин аткарууда ден соолугуна келтирилген зыяндын орду мыйзамдарда каралган тартипте иш берүүчү тарабынан күнөөлүү адамга карата кийинки регресс менен толтурулат.

---

Мурунку берене: [209-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-209)  
Кийинки берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-211)
