# 209-берене. Эмгек шарттары боюнча жеңилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 209-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-209

---

1. Оор жумуштар жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары жумуштар үчүн кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар берилет (№ 2 тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия, эмгек акысына кошумча акы, кыскартылган жумуш күнү, кошумча өргүү, сүт берүү жана башкалар). Аларды берүү, жокко чыгаруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

2. Жеңилдетилген пенсияларга карата маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошумча корутундусу талап кылынат.

3. Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасири үчүн кызматкерлерге мыйзамдарда белгиленгендерге салыштырмалуу кошумча жеңилдиктерди жана компенсацияларды берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-210)
