# 207-берене. Эмгекти коргоо кызматы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 207-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-207

---

1. Эмгекти коргоо талаптарын сактоону камсыз кылуу, алардын аткарылышын контролдоону жүргүзүү максатында 50дөн ашык кызматкери бар эмгек ишин жүзөгө ашырган ар бир уюмда эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же бул жаатта тиешелүү даярдыгы же иш тажрыйбасы бар эмгекти коргоо боюнча адистин кызмат орду киргизилет.

2. Кызматкерлеринин саны 50 жана андан аз уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызмат ордун киргизүү жөнүндө чечим ошол уюмдагы иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат.

3. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда, иш берүүчү адистер же эмгекти коргоо жаатында кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзөт.

4. Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иштегендердин санына, өндүрүштүн кооптуулук жана зыяндуулук даражасына, аймактык алыстыгына жараша эмгек чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык иш берүүчү тарабынан аныкталат.

5. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

---

Мурунку берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-206)  
Кийинки берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-208)
