# 205-берене. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 205-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-205

---

Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) эмгекти коргоо боюнча эрежелердин, ченемдердин жана түшүндүрмөлөрдүн белгиленген талаптарын сактоого;

2) иш берүүчү тарабынан белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;

3) жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;

4) эмгекти коргоо талаптары боюнча окутуудан, түшүндүрүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтүүгө;

5) адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кандай болбосун кырдаал, өндүрүштө болгон ар бир күтүлбөгөн кырсык тууралуу же өзүнүн ден соолугунун абалынын начарлагандыгы жөнүндө өзүнүн түздөн-туз же жогору турган жетекчисине дароо билдирүүгө;

6) милдеттүү жана мезгилдүү (ишке кирүүдө) алдын ала медициналык кароодон өтүүгө.

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-206)
