# 202-берене. Макулдашуу. Макулдашуулардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 202-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-202

---

1. Макулдашууга эмгекке акысын төлөө, эмгек шарттары жана аны коргоо, эмгек жана эс алуу режими, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери, тараптар аныктоочу башка маселелер боюнча тараптардын өз ара милдеттенмелери киргизилиши мүмкүн.

2. Жөнгө салынуучу социалдык-эмгектик мамилелердин чөйрөсүнө жараша башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана башка сыяктуу макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.

3. Башкы макулдашуу республикалык деңгээлдеги социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилейт.

4. Тармактык (тармактар аралык) макулдашуу эмгекке акы төлөөнүн жалпы шарттарын, тармактын (тармактардын) кызматкерлерине эмгектик кепилдиктерди жана жеңилдиктерди аныктайт.

5. Тармактык (тармактар аралык) макулдашуу социалдык өнөктөштүктүн республикалык, аймактык деңгээлдеринде түзүлүшү мүмкүн.

6. Аймактык макулдашуу тийиштүү муниципалдык түзүлүштүн аймагындагы кызматкерлерге эмгектин жалпы шартын, эмгек кепилдиктерин жана жеңилдиктерди белгилейт.

7. Макулдашуулар жамааттык сүйлөшүүлөргө катышуучу тараптардын келишүүсү боюнча эки тараптуу жана үч тараптуу болушу мүмкүн.

8. Башка макулдашуулар - социалдык-эмгектик мамилелерди жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуунун айрым багыттары боюнча социалдык өнөктөштүктүн кандай болбосун деңгээлинде тараптар тарабынан түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуулар.

9. Макулдашууну иштеп чыгуунун жана түзүүнүн тартиби, анын мазмуну жана башка шарттары Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-203)
