# 201-берене. Жамааттык келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 201-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-201

---

1. Жамааттык келишимдер менчиктин ар кандай түрүндөгү уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

2. Жамааттык келишим уюмдун филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүндө дагы түзүлүшү мүмкүн. Бул учурларда иш берүүчүнүн өкүлү болуп иш берүүчү ыйгарым укук берген тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси саналат.

3. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталган күндөн тартып эки айдын ичинде жамааттык келишимдин айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, тараптар пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен жамааттык келишимге макулдашылган шарттарда кол коюуга тийиш.

4. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер андан аркы жамааттык сүйлөшүүлөрдүн предмети болушу же ушул Кодекске ылайык чечилиши мүмкүн.

5. Жамааттык келишимдин мазмуну жана түзүмү, аны колдонууга киргизүү тартиби, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, ошондой эле аны аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жамааттык келишимдер жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-202)
