# 200-берене. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 200-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-200

---

1. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) тараптардын тең укуктуулугу жана кызыкчылыктарын урматтоо;

2) эмгек жана ишке орноштуруу шарттарын аныктоо, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу максатында маселелерди талкуулоодо тандоонун эркиндиги;

3) тараптардын милдеттенмелерди алуусунун ыктыярдуулугу;

4) эмгек жөнүндө мыйзамдарды сактоо.

2. Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жамааттык келишимди, макулдашууну даярдоо, түзүү жана өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөргө катышат жана мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу.

3. Сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны алган тарап жети күндүк мөөнөттө сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттүү. Тараптардын бири да жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартууга укуксуз.

4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби, сүйлөшүүлөргө катышкан адамдарга кепилдиктер Кыргыз Республикасынын жамааттык келишимдер жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-201)
