# 20-берене. Эмгек келишимин түзүү жана ишке кабыл алууну тариздөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-20

---

1. Эмгек келишими кагаз жүзүндө же электрондук (электрондук эмгек келишими) түрдө түзүлөт, эки нускада түзүлөт жана тараптар жеке өздөрү же электрондук санариптик кол тамгасы менен кол коюшат. Бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө сакталат.

2. Түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде үч күндүк мөөнөттө иш берүүчү тарабынан кызматкерди ишке кабыл алуу (дайындоо) жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) таризделет. Иш берүүчү буйрук (тескеме, токтом) менен кызматкерге кол койдуруу менен кол койгон күндөн тартып уч күндүк мөөнөттө тааныштырат.

3. Эмгек келишимин түзүү ушул Кодекстин 13-беренесине ылайык белгилүү бир шарттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаса. кызматкер айкалыштырып иштөө шартында бир нече иш берүүчү менен эмгек келишимин түзө алат.

5. Ишке кабыл алууда иш берүүчү кызматкерди уюмда колдонулуучу ички эмгек тартибинин эрежелери, кызматкердин эмгек функциясына тиешеси бар башка локалдуу ченемдик актылар, жамааттык келишимдер, макулдашуулар менен тааныштырууга, кызматкерге эмгекти коргоо боюнча нускама берүүгө, белгиленген тартипте кызматкерге эмгек китепчесин жазууга (толтурууга) милдеттүү.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-21)
