# 2-берене. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-2

---

1. Эмгек мыйзамдарынын максаттары болуп жарандардын эмгек укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, эмгектин жагымдуу шарттарын түзүү, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо саналат. Эмгек мыйзамдары эмгек мамилелеринин тараптарынын кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын оптималдуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.

2. Эмгек мыйзамдарынын негизги милдеттери эмгек жана ага түздөн-түз байланышкан төмөнкү мамилелерин укуктук жөнгө салуу болуп саналат:

1) эмгекти уюштуруу жана эмгекти башкаруу боюнча;

2) бул иш берүүчүдө ишке орноштуруу боюнча;

3) түздөн-түз бул иш берүүчүдө кадрларды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;

4) иш берүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча;

5) мыйзамда каралган учурларда кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдарынын эмгек шарттарын белгилөөгө жана эмгек мыйзамдарын колдонууга катышуусу боюнча;

6) иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин эмгек чөйрөсүндөгү материалдык жоопкерчилиги боюнча;

7) эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча;

8) эмгек талаш-тартыштарын чечүү боюнча.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-3)
