# 195-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортсмендердин эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 195-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-195

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрдын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерине жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдарга, кесипкөй спортсмендерге карата мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары жайылтылат.

2. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын чыгармачыл кызматкерлери, жетекчилери жана адистери менен эмгектик мамилелердин негизги формасы болуп эмгек келишими саналат.

3. Маданияттын мамлекеттик уюмдарынын пенсия курагындагы кызматкерлери менен ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-196)
