# 193-берене. Банкрот болгондо эмгек келишимдерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 193-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-193

---

1. Реструктуризациялоо, реабилитациялоо, санациялоо, тынчтык макулдашуу жана консервациялоо түрүндө жүзөгө ашырылган банкроттукта бул процесстин натыйжасында штаттар же кызматкерлердин саны кыскартылган учурларды кошпогондо, кызматкерлер менен эмгектик мамилелери токтотулбайт.

2. Бул мезгилде иш берүүчү (атайын администратор, тышкы башкаруучу) жалпы башкаруучулук функцияларды жүзөгө ашыруучу кызматкерлер (жетекчи, анын орун басарлары, башкы бухгалтер) менен эмгек келишимин кайра түзүүгө же бузууга укуктуу.

3. Эгерде реструктуризациялоонун натыйжасында жоюлган уюмдун активдери ага өткөн жаңы юридикалык жак пайда болсо, анда иш берүүчү кызматкерлерди которууну же иштен бошотууну ушул Кодекске ылайык жүргүзүүгө тийиш.

4. Компенсацияларды эсептөө жана төлөө ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-192)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-194)
