# 192-берене. Диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 192-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-192

---

1. Кызматкер менен диний уюмдун ортосундагы эмгек келишими белгиленген мөөнөткө да, ошондой эле белгиленбеген мөөнөткө да түзүлүшү мүмкүн. Эмгек келишимине ушул Кодекске жана диний уюмдун ички белгилөөлөрүнө ылайык кызматкер үчүн жана иш берүүчү катары диний уюм үчүн олуттуу шарттар киргизилет.

2. Эмгек келишиминин тараптарынын укуктары жана милдеттери диний уюмдун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга карама-каршы келбөөгө тийиш болгон ички белгилөөлөрү менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен эмгек келишиминде аныкталат.

3. Диний уюмдун кызматкери менен диний уюмдун ички белгилөөлөрүндө аныкталган тизмекке ылайык толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлүшү мүмкүн.

4. Ушул Кодексте каралган негиздерден тышкары эмгек келишими менен каралган негиздер боюнча диний уюмдун кызматкери менен эмгек келишими токтотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-191)  
Кийинки берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-193)
