# 19-берене. Эмгек келишиминин күчүнө кириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-19

---

1. Эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, эмгек келишими кызматкер жана иш берүүчү кол койгон мөөнөттөн тартып күчүнө кирет.

2. Кызматкер келишимде аныкталган күндөн тартып эмгек милдеттерин аткарууга киришүүгө милдеттүү. Эгерде эмгек келишиминде иштин башталган күнү каралбаса, анда кызматкер келишим күчүнө киргенден кийинки жумуш күнү ишке киришүүгө тийиш.

3. Эгерде кызматкер белгиленген мөөнөттө жүйөлүү себептерсиз ишке киришпесе, эмгек келишими жокко чыгарылат.

4. Эгерде кызматкер жазуу жүзүндөгү эмгек келишими жок болгон учурда иш берүүчүнүн же анын өкүлүнүн кабардар болушу же тапшырмасы боюнча иш жүзүндө ишке киришсе, анда эмгек келишими ишке киришкен күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана ага ушул Кодексте каралган бардык укуктар жайылтылат. Кызматкерди ишке иш жүзүндө киргизүү иш берүүчүнү аны менен жазуу жүзүндөгү эмгек келишимин түзүүгө милдеттендирет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-20)
