# 189-берене. Транспорт кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 189-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-189

---

1. Транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан ишке кабыл алынып жаткан кызматкерлер транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте кесиптик тандоодон өтүүгө, ошондой эле эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү даярдыктан өтүүгө жана ден соолугунун абалына ээ болууга тийиш.

2. Транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан ишке кызматкерди кабыл алуу саламаттык сактоо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат.

3. Эмгеги транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлерге транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кесиби же кызмат орду боюнча алар үчүн белгиленген жумуш убактысынын узактыгынан ашыкча иштөөгө, ошондой эле зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарында иштөөгө уруксат берилбейт.

4. Транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кесиптердин (кызмат орундарынын) жана иштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

5. Эмгеги транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режиминин өзгөчөлүктөрү, эмгек шарттары транспорттун тиешелүү түрү жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Бул өзгөчөлүктөр ушул Кодексте белгиленгендерге салыштырмалуу кызматкерлердин абалын начарлатышы мүмкүн эмес.

6. Эмгеги транспорт каражаттарынын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлердин тартиби ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тартип жөнүндө жоболор (уставдар) менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-190)
